Кабмин бүгүн Токтогул суу сактагычындагы суу көлөмүн билдирди
Бүгүн өкмөт башчынын орун басары Бакыт Торобаев мамлекеттик органдардын жетекчилери жана президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Өкмөттүн басма сөз кызматы жыйындын жүрүшү тууралуу маалымат берди. Жыйында 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык маселелери, анын ичинде Энергетика министрлигинин маалыматы каралды.