Парламенттин алдында жаш кадрлар мектеби түзүлөт
Сагынаевдин айтымында, 25тен 30 жашка чейинки 120 студент жана жаш адистер тандалып алынат. Окуунун программасы 2,5 айга созулат жана жыл сайын өткөрүлөт. Ар түрдүү региондордон келген катышуучулар парламентте практикадан өтө алышат, анда ар бир депутатка бир жаш адис дайындалат, ал ментордун жетекчилигинде мыйзам чыгаруу процессин үйрөнөт. «Аларды депутаттардын жардамчылары катары кабыл албаш керек», — деп баса белгиледи ал.
Мындан тышкары, программанын мыкты катышуучулары бир жылдык стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
«Бул убакыттын ичинде алар Жогорку Кенештин жана комитеттердин жыйынына катышып, мыйзам чыгаруу процессин үйрөнүшөт. Биз мамлекеттик кызматта жаңы квалификациялуу кадрлардын пайда болушун көздөп жатабыз. Стажировканы аяктаган соң, катышуучулар тиешелүү сертификат алышат», — деп кошумчалады депутат.
Сагынаев бул демилгенин ишке ашырылышы бюджеттен чоң финансылык чыгымдарды талап кылбай турганын белгиледи.
«Биз бул долбоорго донорлордун колдоосуна ишенебиз», — деп жыйынтыктады ал.
Дагы окуңуз:
КРда «Жаштар стажировкасы» программасы аркылуу иш тажрыйбасын алууга болот – кантип катышууга болот
«Жаштар стажировкасы» пилоттук долбоорунун алкагында Кыргызстанда жаштар эмгек чөйрөсүнө...