
«Бала ырысы» пособосу 1200 сомду түзөт жана Кыргызстан жарандарына, ошондой эле кайрылман статусуна ээ адамдардын балдарына берилет. Бул тууралуу маалыматты Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мамлекеттик пособолор бөлүмүнүн башкы адиси Адель Жомартова «Кабар» агенттигиндеги «Элден Собол» программасында билдирди.
Адис түшүндүргөндөй, пособо үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык статусуна карабастан төлөнөт. «Жогорку тоолуу аймактардын тургундары үчүн төлөмдөр райондук коэффициентти эске алуу менен түзөтүлөт», - деп кошумчалады ал.
Маанилүү нерсе, бала энеси менен жашашы керек жана эки ата-эне миграцияда болбошу керек.
Пособону алуу үчүн төмөнкү документтерди берүү талап кылынат:
эненин паспорту жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк; ПИН-код.
Пособону алуу үчүн Эмгек министрлигинин райондук башкармалыктарына арыз берүү керек.
Эскерте кетсек, март айынын башында Кыргызстан президенти Садыр Жапаров үч жашка чейинки балдар үчүн «Бала ырысы» аталышындагы жаңы ай сайынгы мамлекеттик пособону киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон.