
Кыргызстандык жарандар мамлекеттик жардамдарды алып жатканда «Бала ырысы» жаңы пособие менен башка иштеп жаткан колдоо программаларынын арасында тандоо кылууга мажбур болушат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин мамлекеттик пособолор бөлүмүнүн башкы адиси Адель Жомартова «Кабар» агенттигинин «Элден Собол» берүүсүндө билдирди.

Ошондой эле «Бала ырысы» пособие үчүн арызды электрондук форматта берүү мүмкүнчүлүгү талкууланууда. Арыз «Тундук» тиркемеси аркылуу берилет. Жомартова балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү санариптештирүү маселеси бар экенин белгилеп, 1-июлга чейин бардык керектүү документтерди даярдоо керектигин айтты.