Депутат: Үй-бүлө айыппулдун кесепетинен, ал тууралуу билбей туруп, умрага чыга алган жок

Ирина Орлонская Саясат
VK X OK WhatsApp Telegram
Жогорку Кенештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева беш адамдан турган үй-бүлөнүн айыппулдан улам кичи хаджга чыга албай калган окуясы тууралуу айтып берди.

Депутаттын айтымында, үй-бүлө сапарга чыкар алдында «Тундук» системасы аркылуу карыздарынын статусун кылдат текшерип, эч кандай айыппул тапкан эмес. Бирок, аэропортко келгенде, Чек ара кызматынын кызматкерлери аларды рейске өткөрбөй, 1 миң сомдук карыз тууралуу айтып беришкен. «Бул Чек ара кызматынын маалыматтары менен «Тундук» системасынын ортосундагы шайкешсиздикти көрсөтөт, бул сыяктуу көйгөйлөргө алып келет. Адамдар бирдиктүү карыздар базасынын жоктугунан азап чегишет. Натыйжада үй-бүлө чоң чыгым тартты, анткени аэропортто карызды төлөө үч сааттан кийин гана ишке ашат, ал эми учак күтпөйт», — деп баса белгиледи Жылдыз Садырбаева.

Бул боюнча Чек ара кызматынын биринчи орун басары Марат Маралбаев, алардын айыппулдарды каттаган СВМ системасы бар экенин белгиледи. «Ооба, кээде сиз айткандай, жаңылыштыктар болот. Бирок мындай учурларда биз көйгөйлөрдү ыкчам чечүүгө аракет кылабыз. Ар бир жаран контрольдук пункттарда QR-код аркылуу карыздарын текшере алат», — деп кошумчалады ал.
VK X OK WhatsApp Telegram