
Иллюстрациялык сүрөт
Истец жарлык жана добуш берүүгө коюлган долбоор жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин бузууга мүмкүн болгон маселелерди добуш берүүгө коюу боюнча "Республикандык референдум жөнүндө" конституциялык мыйзамды бузат деп билдирүүдө. Ал ошондой эле жарандардын мамлекетти башкарууга түздөн-түз же өз өкүлдөрү аркылуу катышуу укугу жөнүндө Конституциянын нормасына шилтеме кылууда.
Ильяшев сунушталган документ Конституциянын негизги принциптерин бузат деп эсептейт жана анын өлкөнүн негизги мыйзамына ылайык келбегенин талап кылууда.
Ал бул документти жараксыз деп таанууну көздөп жатат.
Жаңы Конституцияга байланыштуу референдум Казакстанда 15-мартка пландалган.
Альнур Ильяшев активизми менен белгилүү. 2020-жылы ал Nur Otan (азыркы Amanat) партиясын жана пандемия учурунда бийликтин аракеттерин сынга алган жалган маалыматты таратканы үчүн соттолгон. Натыйжада, ага үч жыл эркиндигин чектөө жана коомдук ишмердик менен алектенүүгө тыюу салынган.