
Кыргызстанда өкмөт башчынын орун басары Эдиль Байсалов Улуттук илимдер академиясына 26 жаңы унаанын ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.
Расмий маалыматтарга ылайык, унааларды сатып алууга 44,8 миллион сом бөлүнгөн.


Эдиль Байсалов ошондой эле Илимдер академиясы мамлекеттен ар тараптуу колдоо ала баштаганын белгиледи. Атап айтканда, кызматкерлердин айлык акысы эки эсе көбөйтүлдү. Ал мамлекеттик органдар илимий тармакты өнүктүрүүгө көңүл бура берерин убада кылды.