Минэнерго башчысы Токтогул ГЭСинин кубаттуулугун жогорулатуу тууралуу билдирди
Ибраев Азия өнүктүрүү банкынан келген финансылык жардам программасынын алкагында станциянын төрт агрегаты модернизацияланганын белгиледи.
«Мурда Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1200 мегаватт болсо, азыр 1440 мегаваттка жетти, бул ар бир агрегатка 60 мегаватт кошулушун билдирет», — деди министр.
Мындан тышкары, ал АБРден үнөмдөлгөн каражаттар Уч-Курган ГЭСин реабилитациялоого жумшалат деп маалымдады.
«Биз жылдын аягына чейин эки агрегатты оңдоп бүтүүнү пландап жатабыз, бул дагы 18 мегаватт кошууга мүмкүнчүлүк берет. Жалпысынан төрт агрегатта электр энергиясын өндүрүүнү 36 мегаваттка жогорулатуу пландаштырылууда», — деп кошумчалады Таалайбек Ибраев.
Дагы окуңуз:
Уч-Курган ГЭСтин кубаттуулугу 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча 36 МВтка жогорулайт
2026-жылы Уч-Курган гидроэлектр станциясында эки агрегаттын: №1 жана №2 параллель реконструкциясы...