
Ош облусунда президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн сүрөтү. Жоомарт Токтогулов
Иш-чара Ош облусунда президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйындар залында өтүп, ГКНБнын орун басары Алишер Эрбаев Токтогуловду тааныштырды.
Иш-чарада Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана аймактагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев да катышты.
Аманкан Кенжебаев өз сөзүндө мамлекеттик саясаттын эффективдүү аткарылышы жана президенттин көрсөтмөлөрүнүн убагында ишке ашырылышынын маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Ал коомдук тартипти жана аймакта туруктуулукту камсыздоо үчүн укук коргоо органдары менен жергиликтүү бийлик арасында тыгыз кызматташтыктын зарылдыгын белгиледи.
Жоомарт Токтогуловго жаңы ролунда ийгилик кааланды.