
Эльдар Сулаймановдун мандаты алынгандан кийин, анын ордун Араван районунун көп мандаттуу шайлоо округу № 5 боюнча Азизбек Абдуллаев ээлеп алды.
ЦИКке берилген биографиясына ылайык, Азизбек 37 жашта, 2011-жылы Ош мамлекеттик университетинде юридикалык билим алган.
Карьеросун 2010-жылы Ош облусунун патрулдук кызматында иштеп баштаган. 2015-2016-жылдары Араван РОВДсында инспектор болуп иштеп, кийинчерээк жаштар менен иштер боюнча бөлүмдүн начальниги болду.
2025-жылдын 30-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо Абдуллаев округ № 5 боюнча шайлоочулардын 7,35% добушун алды.