
Централдык шайлоо комиссиясына берилген маалыматтар боюнча, Азизбек 37 жашта. Ал 2011-жылы Ош мамлекеттик университетинде юридикалык билим алган.
Интернеттен алынган сүрөт. Азизбек Абдуллаев
Анын профессионалдык карьерасы 2010-жылы Ош облусунун патрулдук кызматында башталган. 2015-2016-жылдары Араван РОВДсында инспектор болуп иштеп, андан кийин жаштар иштер боюнча бөлүмдүн начальниги болуп дайындалган.
2025-жылдын 30-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо Азизбек Абдуллаев округ № 5те шайлоочулардын 7,35% добушун алган.