
Марлен Маматалиев.
Маанилүү кызматтар мурдагы жетекчилерде калды: Кыргызстандын самбо федерациясынын президенти Азиз Ибраев, генералдык катчы Мирлан Акеров жана аткаруу комитетинин жетекчиси Мурат Арыстанбеков жаңы беш жылдык мөөнөткө кайра шайланды. Ошондой эле, попечительдик кеңештин жаңы төрагасы Асанбек Алымкожоев болду.
Мындан тышкары, 16-февралда Кожомкул атындагы спорт сарайында самбо боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды, ал 18-февралга чейин уланат. Бул турнирдын жыйынтыгы боюнча улуттук курама команда түзүлөт.