
Генеральдык прокурордун биринчи орун басары Баймурза Маатов 2024-жылдан бери ээлеп келген кызматынан кетти.
Интернеттен алынган сүрөт. Баймурза Маатов
Анын ордуна президент Садыр Жапаров Ош шаарынын прокурорунун милдетин аткарган жана прокуратурада чоң тажрыйбасы бар Малик Бектургановду дайындады.

Ошондой эле Генеральдык прокурордун жаңы орун басары болуп президенттин жарлыгы менен Залкарбек Акназаров дайындалды.
Интернеттен алынган сүрөт. Залкарбек Акназаров
Бул өзгөрүүлөр укук тартибин жакшыртууга жана мыйзамдардын сакталуусун көзөмөлдөөнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган прокурордук система боюнча кеңири реформалардын бир бөлүгү болуп саналат.