
Биринчи орун басар Генералдык прокурор Баймурза Маатов 2024-жылдан бери ээлеп келген кызматынан бошотулду.
Интернеттен алынган сүрөт. Баймурза Маатов
Анын ордуна президент Садыр Жапаров Ош шаарынын прокурору болуп иштеген жана прокуратурада чоң тажрыйбага ээ Малик Бектургановду дайындады.

Мындан тышкары, мамлекет башчысынын жарлыгы менен Генералдык прокурордун орун басары кызматына Залкарбек Акназаров дайындалды.
Интернеттен алынган сүрөт. Залкарбек Акназаров
Бул өзгөрүүлөр прокуратура системасында мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөөнү күчөтүү жана натыйжалуулукту жогорулатуу максатында жүргүзүлүп жаткан кеңири реформалардын бир бөлүгү болуп саналат.