
Москвадагы Кыргызстан элчилигинде өткөн жолугушууда дарыгерлердин мекенине кайтуусу жана өлкөнүн саламаттык сактоо системасында кесиптик өсүш үчүн шарттарды түзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Иш-чарага болжол менен 60 дарыгер катышты.
Каныбек Досмамбетов учурдагы медициналык мекемелерди модернизациялоого багытталган реформалар жана кесиптин жагымдуулугун жогорулатууга жардам бере турган чаралар тууралуу айтып берди. Бул чаралардын катарында айлык акынын жогорулашы, инфраструктуранын жакшыртылышы жана жаш адистерди колдоо бар.
Жолугушуунун катышуучулары чет өлкөдөгү иш тажрыйбалары менен бөлүшүп, Кыргызстандагы медициналык кадрларды адаптациялоо боюнча идеяларды сунушташты. Талкуунун натыйжасында бир нече жаш дарыгерлер жакынкы айларда жергиликтүү медициналык мекемелерде жумуш табуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга кызыктар экендиктерин билдиришти.
Министрдин айтымында, "Кыргызстандын саламаттык сактоо системасы квалификациялуу жана ишине берилген адистерге муктаж. Мамлекет биздин дарыгерлердин кайтуусуна кызыкдар, алар өнүгүп, калктын ден соолугун жакшыртууга көмөктөшө алышат. Министрлик толук колдоо көрсөтүүгө жана жашоого жана иштөөгө ылайыктуу шарттарды түзүүгө даяр".
Бул демилге министрликтин кадрдык потенциалды бекемдөө жана өлкөнүн аймактарына жогорку квалификациялуу адистерди тартуу боюнча стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат.