"Мох өсүмдүктөрү". Министр 20-30 жыл бою бир жерде отурган клиникалардын жетекчилери тууралуу
Досмамбетов: "Бишкектеги клиникаларда 20-30 жыл бою бир орунда калган адистер бар. Алар, чындыгында, мүккө айланган. Өнүгүү жок. Иттей сенада — өздөрү өнүкпөй, жаш кадрларга өнүгүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатышат. Жаңылануу зарыл" деп белгиледи.
Министр саламаттык сактоо системасынын ийгиликтүү иштеши үчүн башкаруучу кадрларды максаттуу алмаштыруу жана жаштарды окутуу, аларга заманбап иш ыкмаларын киргизүүгө мүмкүнчүлүк берүү керектигин айтты.
Анын айтымында, туруктуу ротациясыз жана жаңы муундагы дарыгерлер менен башкаруучулардын колдоосуз мамлекеттик медициналык мекемелердин андан аркы өнүгүшү коркунучта болот.