Башкы бет » Окуялар » 10 күндүн ичинде Панфилов районунда беш мас айдоочу аныкталды
Окуялар

10 күндүн ичинде Панфилов районунда беш мас айдоочу аныкталды

Панфилов районунда Чүй облусунда ушул жылдын январь айынын биринчи 10 күнүндө 5 айдоочу алкогольдук мас абалында транспорт каражаттарын башкаргандыгы аныкталды, деп билдирди Turmush агенттигинин кабарчысы Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын УОБДД пресс-кызматы.

Ведомствонун маалыматына ылайык, кышкы мезгилде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында көзөмөл күчөтүлүп, айдоочулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

«Бирок Панфилов районунун инспекторлору тарабынан өткөрүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө жол кыймылынын эрежелерин бузгандарга 190 протокол түзүлгөн. Мындан тышкары, алкогольдук мас абалында 5 айдоочу аныкталып, алардын унаалары айып турунга коюлган», - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, бул райондун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө рейддер күн сайын жүргүзүлүп, жол кыймылынын эрежелеринин сакталуусуна көзөмөл күчөтүлгөндүгү кошумчаланды.

Окшош материалдар:
gazeta.kg сайтын колдонуу менен сиз купуялуулук саясатын кабыл аласыз.
ОК