10 күндүн ичинде Панфилов районунда беш мас айдоочу аныкталды
Ведомствонун маалыматына ылайык, кышкы мезгилде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында көзөмөл күчөтүлүп, айдоочулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
«Бирок Панфилов районунун инспекторлору тарабынан өткөрүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө жол кыймылынын эрежелерин бузгандарга 190 протокол түзүлгөн. Мындан тышкары, алкогольдук мас абалында 5 айдоочу аныкталып, алардын унаалары айып турунга коюлган», - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле, бул райондун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө рейддер күн сайын жүргүзүлүп, жол кыймылынын эрежелеринин сакталуусуна көзөмөл күчөтүлгөндүгү кошумчаланды.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Бир түн ичинде Ысык-Көл облусунда 27 айдоочу алкогольдук мас абалда аныкталды
Иссык-Куль облусунун аймагында түнкү рейд учурунда 27 айдоочу алкогольдук мас абалда транспорт...
Без изображения
Эскертүү! Айдоочуларга Чүй облусундагы жолдордо туман тууралуу маалымдалды
Чүй облусунун жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу...