Башкы бет » Окуялар » Бишкек — Ош трассасында автомобиль жарым сааттын ичинде эки ЖОЖ жасады. Жүргүнчү каза болду
Окуялар

Бишкек — Ош трассасында автомобиль жарым сааттын ичинде эки ЖОЖ жасады. Жүргүнчү каза болду

Сокулук районунда өлүм менен аяктаган ЖОЖ катталды, деп билдирет Чүй облусунун ГУОБДДсы.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 8-январь түнкү убакта, Бишкек — Ош трассасында, Романовка айылына жакын жерде, «Субару Легаси» унаасы жогорку ылдамдыкта «Кия Оптимага» урунуп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Чамамен 30 мүнөттөн кийин ошол эле «Субару Легаси» унаасын башкарган айдоочу башкарууну жоготуп, анын унаасы даракка урунган. Рулда 29 жаштагы М. уулу А. болгон. Ал окуя болгон жерде көз жумган. Учурда кырсыктын бардык жагдайларын аныктоо үчүн экспертиза жүргүзүлүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.
Окшош материалдар:
gazeta.kg сайтын колдонуу менен сиз купуялуулук саясатын кабыл аласыз.
ОК