Башкы бет » Окуялар » Ошто авто жолдорду кесип өтүү эрежелерин бузган жарандарга карата рейд өткөрүлүүдө
Окуялар

Ошто авто жолдорду кесип өтүү эрежелерин бузган жарандарга карата рейд өткөрүлүүдө

Ош шаарында жол кыймылын бузуу боюнча айдоочулар жана жөө адамдар тарабынан мыйзам бузууларды аныктоого багытталган атайын рейддер башталды.

Бул маалымат Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын патрулдук кызматынан келип түштү.

Рейд 5-январдан 15-январга чейин өтөт жана анын алкагында туура эмес токтогон унааларга административдик протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынылат, ошондой эле белгиленбеген жерлерден жолду кесип өткөн жөө адамдарга да айып пулдар салынылат.

Быйылкы жылдын башынан бери 138 адам белгиленбеген жерлерден жолду кесип өткөндүгү үчүн 3 миң сом өлчөмүндө айып пул алган.

Окшош материалдар:
gazeta.kg сайтын колдонуу менен сиз купуялуулук саясатын кабыл аласыз.
ОК