Башкы бет » Окуялар » Бишкекте психотроптук заттарды сатууга шектелген аял кармалды
Окуялар

Бишкекте психотроптук заттарды сатууга шектелген аял кармалды

Милиция кызматкерлери Бишкекте психотроптук препараттарды мыйзамсыз сатуу фактыларына күбө болушту жана шектүүнү кармашты. Бул тууралуу маалыматты борбордун Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы берди.

Оперативдик иш-чараларды өткөрүү учурунда Власова көчөсүндөгү турак жайлардын биринин жанында 1986-жылы төрөлгөн Т. Г. кармалган. Текшерүү учурунда анын сумкасынан күчтүү психотроптук препараттын 214 таблеткасы табылган.

Анын айтымында, ал бул дары-дармектерди Ош базарынан сатып алып, рецептсиз тааныштарына 500дөн 700 сомго чейин саткан.

Учурда шектүү Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды жана тергөө иштери уланууда.

Окшош материалдар:
gazeta.kg сайтын колдонуу менен сиз купуялуулук саясатын кабыл аласыз.
ОК