
Кыргызстандын борбору Бишкекте 1-сентябрга чейин 20 жаңы мектептин ачылышы пландаштырылууда. Бул тууралуу мэриянын билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева «Кабар» агенттигине берген интервьюсунда билдирди.
Мусаеванын маалыматына ылайык, учурда бул билим берүү мекемелеринин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Жалпы 20 мектептин ичинен 11и учурдагы окуу жайларга кошумча корпус болуп саналса, 9у нөлдөн баштап курулуп жаткан жаңы мектептер.
«Бардык жаңы объектилер окуу жылынын башына даяр болушу керек. Учурда Бишкекте 259 710 окуучуну кабыл алган 120 мектеп иштеп жатат», — деп кошумчалады ал.