Кыргыз мамлекеттик асыл тукум завод 500 тоннага жакын силос даярдады
Кыргыз мамлекеттик племзаводу 500 тонна силос даярдаганы тууралуу отчет берди. Бул тууралуу Азык-түлүк министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Берилген маалыматтарга ылайык, мамлекеттик колдоо аркылуу, ишкана акыркы жылдары өндүрүштүк ишмердүүлүгүн активдүү өнүктүрүүдө.