Кыргыз мамлекеттик асыл тукум завод 500 тоннага жакын силос даярдады
Берилген маалыматтарга ылайык, мамлекеттик колдоо аркылуу, ишкана акыркы жылдары өндүрүштүк ишмердүүлүгүн активдүү өнүктүрүүдө.
«Машина-трактор станциясы түзүлгөн, бул заводуна өзүнүн жер аянттарын иштетүүгө жана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Жергиликтүү «Ала-Тоо» кукуруз сортун өстүрүүдө, ар бир гектардан 40тан 50 тонна жогорку сапаттагы силос жыйноого жетишилет. Племендик мал чарбачылыгы боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында азык базасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө, сандык көрсөткүчтөрдөн сапаттык көрсөткүчтөргө өтүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.