Чет өлкөлүк инвестициялардын Кыргызстанга агымы 21%дан ашык өстү, - НАИ
Түз чет элдик инвестициялар Кыргызстанда 21% дан ашык өстү. Бул тууралуу 13-январда радио эфиринде Президенттин алдындагы Улуттук инвестиция агенттигинин директорунун орун басары Жалын Жээналиев билдирди. Жээналиевдин белгилөөсү боюнча, чет элдик жана жергиликтүү инвесторлор үчүн маанилүү негизги факторлор стабилдүүлүк жана капитал салымдарын кайтаруу кепилдиктери болуп саналат. Статистикалык маалыматтар чет элдик инвестициялардын чындап эле 21% дан ашык өскөнүн тастыктоодо.