Бишкекте бычак колдонуп, тоноо кылууга шектелгендер кармалды

Первомай районунун ШИИБинин маалыматына ылайык, 6-январь күнү таңкы саат 04:18 чамасында Э.М. аттуу жаран кайрылган. Ал белгисиз адамдардын Honda Fit унаасынын терезесин сындырып, андан кийин аны сабап, жамбашына бычак сайганын билдирген. Тоноочулар унааны алып, аны бузуп, 23 миң сомдук Xiaomi Poco X4 Pro 5G маркасындагы мобилдик телефонун уурдап кетишкен.
Мындан тышкары, Э.М.нын таанышы А.Р. күч менен ак түстөгү Hyundai Sonata унаасына отургузулуп, белгисиз тарапка алып кетилип, мобилдик телефону да алынган.
Окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 207-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголду.
Оперативдик иш-чаралардын натыйжасында ГУВД жана Первомай районунун ШИИБи шектүүлөрдү кармоого жетишти: Э.Т. (2007-ж.т.), У.Д. (2006-ж.т.), М.А. (2007-ж.т.), А.Т. (2009-ж.т.), М.Т. (2009-ж.т.), Ж.Р. (2009-ж.т.) жана А.Р. (2007-ж.т.). Алардын бардыгы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Тергөө иштери уланууда. Ведомство кармалгандардын аракеттерине юридикалык баа берилерин белгилейт.
Окшош материалдар:
