Бишкек аймактарга бөлүнөт: борбордогу токтотуучу жайдын баасы канча болот
Шаар бийликтери жаңы тарифтер менен автоматташтырылган парковкалар планы менен тааныштырды, алар саатына 50 сомго чейин жетет. Бишкекте кайрадан акы төлөнүүчү парковкаларды киргизүү маселеси көтөрүлүүдө. Шаардык мэрия муниципалдык парковкаларды жана борбордун аймагындагы токтотуучу жайларды жөнгө салууга байланыштуу жобо боюнча талкууну баштады.