
2025-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өлкө боюнча жеке сектордун саламаттык сактоо тармагын кеңири текшерүү өткөрдү. Министрликтин лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Аман Осмонов бул тууралуу «Кабар» агенттигинин «Элден Собол» программасында билдирди.
Анын айтымында, мыйзамсыз ишкердик менен күрөшүү максатында министрлик региондордогу координаторлоруна көрсөтмөлөр берди.
Жалпысынан 561 медициналык мекеме, анын ичинде жеке клиникалар, реабилитациялык борборлор, стоматологиялык кабинеттер жана элдик дарыгерлердин кабинеттери текшерилди. Текшерүүлөрдүн натыйжасында алардын 263ү жабылды, анткени бул клиникалардын эч бири медициналык ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн лицензияга ээ болгон эмес.
«Текшерилген мекемелердин жарымынан көбү ишин токтотту, ал эми бюджетке 21 миллион сомдон ашык айып пул алынды», - деп кошумчалады Аман Осмонов.