Ош облусунда 3 балл күчүндөгү жер титирөө катталды
2023-жылдын 9-мартында, жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:23тө Кыргызстан аймагында жер титирөө болду. Бул тууралуу Республикадагы Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун басма сөз кызматынан билдиришти. Жер титирөөнүн эпицентри Ош облусунун Алай районунда, Бор-Добо айылынан 6 километр түндүк-чыгышта жайгашкан.