Каракол шаарында аялдарга сыйлыктар тапшырылды
Караколдо 8-март, Эл аралык аялдар күнү менен байланыштуу салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарага ар кайсы облустардан 300 аял катышты: алардын арасында баатыр энелер, эмгек ардагерлери, ар түрдүү тармактардан кесипкөй адистер, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар жана активдүү жаштар болду.