
Адистердин маалыматына ылайык, титирөөлөр 17:50дө катталды. Эпицентр Нарын облусунда, Жумгал айылынан 15 км түндүк-чыгышта, Мантыштан 17 км түштүк-батышта жана Кочкор райондун борборунан 53 км түштүк-батышта жайгашкан, бул Бишкектен 105 км түштүк-чыгышта турат.
Жер титирөө Бишкектен 105 км алыстыкта болду.
Кыргызстандагы айылдарда сейсмикалык толкундардын интенсивдүүлүгү: Жумгал, Кызарт, Лама жана Мантыш айылдарында - болжол менен 3,5 балл, ал эми Орток жана Кызыл-Добо айылдарында - 3 балл болду.