Кочмандар дүйнөлүк оюндарын уюштурууга канча каражат жумшалат, чиновник айтып берди
1-6-сентябрда жаңы «Бишкек-Арена» стадионунда VI Дүйнөлүк кочмондор оюндары (ДКО) өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев маалымат жыйынында билдирди. Министр президент Садыр Жапаров иш-чарага даярдыкты жакындан көзөмөлдөп жатканын белгилеп, жумушчу топтун жетекчилиги президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге жүктөлгөнүн айтты.