Трасса Алматы — Иссык-Куль. Проект кандай стадияда?
Автомобиль жолун куруу боюнча Алматы — Ысык-Көл долбоорун даярдоо алкагында Казакстанда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Tengrinews.kz ресурсу маалымдайт. Бул топко ар кандай мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирди, анын ичинде Улуттук экономика министрлиги, Экология министрлиги, НПП «Атамекен», КНБнын Чек ара кызматы жана Транспорт министрлиги.
