Экс Өкмөт үйүнүн ордунда коомдук имарат куруу пландалууда, - Бишкектин вице-мэри
Жыйында 2050-жылга чейин шаарды өнүктүрүүнүн жалпы планынын долбоору тууралуу маалымат сунушталды.
2025-жылдын жайында Абдумомунов көчөсүндө жайгашкан мурдагы Өкмөт үйүнүн имараты тарых жана маданият эстеликтери тизмесинен алынып салынганы белгилүү болду. Бул чечимди Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Өкмөт үйүнүн курулушу 20-кылымдын 50-жылдарынын башында башталган. Алгач имарат партиялык мектеп үчүн пландалган, бирок кийинчерээк ал жогорку бийлик органдарынын иштөө орунуна айланган. 60-жылдардан тарта анда Коммунисттик партиянын Борбордук комитети жана Министрлер кеңеши иштеген, ал эми 90-жылдарда — Жогорку Кеңеш. 2010-жылдан кийин имарат өкмөттүн карамагына өткөрүлдү.
Учурда бул имаратта Тышкы иштер министрлиги жана Экономика жана соода министрлиги жайгашкан.
Окшош материалдар:
