11-февралдан баштап ЕАЭБ чегинде жүктөр навигациялык пломбалар менен белгилене баштайт
Жүктөрдү көзөмөлдөө боюнча келишимге ылайык, 11-февралдан баштап ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагында товарларды навигациялык пломбаларды колдонуу менен белгилөө боюнча жаңы эрежелер күчүнө кирет. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн пресс-конференцияда Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигинин ЕАЭБ координациялоо башкармалыгынын начальниги Элимбек Каныбек уулу маалымдады. Элимбек Каныбек уулу бул системаны киргизүү этап-этап менен жүргүзүлөрүн белгиледи. Биринчи этапта пломбалар