Жүктөрдү көзөмөлдөө боюнча келишимге ылайык, 11-февралдан баштап ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагында товарларды навигациялык пломбаларды колдонуу менен белгилөө боюнча жаңы эрежелер күчүнө кирет. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн пресс-конференцияда Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигинин ЕАЭБ координациялоо башкармалыгынын начальниги Элимбек Каныбек уулу маалымдады.
Элимбек Каныбек уулу бул системаны киргизүү этап-этап менен жүргүзүлөрүн белгиледи. Биринчи этапта пломбалар негизги келишимдин тизмесине киргизилген товарларга коюлат, андан кийин бул тизмени кеңейтүү пландалууда.
Алгачкы этапта пломбалар коюла турган негизги товар категорияларына санкциялык товарлар, акциздик товарлар (алкоголь жана тамеки киргизилген) жана жеңил өнөр жайдын кээ бир товарлары кирет.
«Биз кийинки партияга кирген товарлардын тизмесин кеңейтүүнү активдүү талкуулап жатабыз. Бирок 11-февралдан баштап навигациялык пломбалар аталган категориялар үчүн милдеттүү болот», - деп кошумчалады Элимбек Каныбек уулу.