Туруксуз аба ырайы жана күтүлгөн жаан-чачын тоолуу жана тоо этектериндеги терс окуяларды жаратуусу мүмкүн.
Автожолдордун бир нече участкаларында кар көчкү, таш кулап түшүү жана башка кооптуу кырдаалдардын болушу үчүн жогору коркунуч бар. Жогорку коркунуч зонасына төмөнкү жол участкалары кирет:
- Бишкек — Ош (км 9, 86–87, 90–94, 96–107, 110–138, 160–216, 216–285, 342–348, 355–362, 370, 400–441);
- Балыкчы — Ананьево — Каракол (км 28–36, 101–220);
- Балыкчы — Боконбаево — Каракол (км 64–120);
- Бишкек — Нарын — Торугарт (км 56, 111–117, 119–122, 125, 130–134);
- Каракол — Энчилек (км 8, 38, 45–97);
- Барскоон — Ак-Шыйрак (км 57–208);
- Арал — Миң-Куш (км 1–7, 17–36);
- Нарын — Баетов (км 97–105);
- Ак-Тал — Казарман (км 2, 5, 67–94);
- Кочкор — Арал — Төө-Ашуу (км 107, 146–156);
- Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад (км 326–349);
- Ош — Раззаков (км 78, 125–138, 149–190, 337–354);
- Раззаков — Андарак — Көк-Таш (км 0–19, 25–27,3);
- Кайрагач — Кулунду — Арка (км 5–7);
- Барпы — Ийри-Суу — Өзгөн (км 14–16);
- Ош — Сары-Таш — Эркечтам (км 10–15, 69–74, 95–96, 163–240);
- Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык (км 7–15, 30–50, 54, 60–89, 97–133);
- Гүлчө — Кызыл-Суу (км 8–17);
- Культцентр — Чөгөм — Загара (км 3–6, 11–14);
- Культцентр — Кичи-Алай (км 2–15);
- Ак-Терек — Папан — Кожо-Келен (км 37–60);
- Жаңы-Арык — Кызыл-Суу (км 13–28);
- Мырза-Аке — Кара-Шоро (км 30–60);
- Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Көк-Арт (км 40–125);
- Дароот-Коргон — Чак — Жаш-Тилек (км 0–3).
МЧС ошондой эле тиешелүү эскертүүлөр жергиликтүү бийликтерге жана мамлекеттик органдарга жөнөтүлгөнүн, алар өз кезегинде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана коопсуздук деңгээлин жогорулатуу боюнча чараларды көрүшү керектигин билдирди.
Жарандарга тоолуу аймактарга баруудан баш тартуу жана узак сапарларда сактык чараларын кармануу сунушталат.