Бул документтин максаты — радиоактивдүү материалдарды коопсуз ташууга шарттарды түзүү жана мыйзамдарды радиациялык коопсуздук боюнча эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү.
Бул токтомду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жооптуу мамлекеттик органдар болуп дайындалды.
Токтомду ишке ашыруу тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган бюджеттик каражаттардын алкагында жүзөгө ашырылат. Бул документ расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.
Радиоактивдүү материалдарды, заттарды жана ионизациялоочу нурлануу булактарын коопсуз ташуу талаптары
Документти жүктөп алуу