Ош облусунда жергиликтүү тургундан кызыл китепке кирген беркут алынды

Арестова Татьяна Экология / Эксклюзив
VK X OK WhatsApp Telegram


Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жергиликтүү тургундардын бири Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине кирген беркутту мыйзамсыз кармап турганы аныкталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Ош облустук экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынан инспекторлор, NABU уюмунун өкүлдөрү жана «Барс-2» тобунун мүчөлөрү менен биргеликте бул иш боюнча керектүү иш-чараларды өткөрүштү.

Текшерүүнүн натыйжасында укук бузуучу тууралуу протокол түзүлүп, ага 20 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Алынган беркут өзүнүн табигый жашоо чөйрөсүнө кайтарылды.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: