
Кыргызстанда сугат суунун жетишсиздигин жоюу максатында маанилүү долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Бакыт Торобаев бул жаңылыкты журналисттер менен бөлүштү. Анын айтымында, өлкөнүн өкмөтү менен Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын ортосунда Батыш БЧКнын бетондоо финансылары боюнча ийгиликтүү сүйлөшүүлөр аяктаган.
Бул долбоордун жалпы сметалык баасы 37 миллион евро түзөт.
«Азыркы учурда БЧК боюнча сугат суунун жоготуулары 50–55 пайызга жетип жатат. Каналдардын жээгин бетондоо бул жоготууларды азайтууга жана айыл чарба жерлерине суунун туруктуу жеткирилишине жардам берет. Бетондоо ошондой эле суунун жерге сиңишин жана жер астындагы катмарлар аркылуу агып кетишин алдын алат, бул каналдын төмөнкү бөлүгүндөгү баткак жерлерди кургатууга мүмкүндүк берет», - деп белгиледи министр.
Бул аймактарды айыл чарба өндүрүшүндө, бакчачылыкта, ошондой эле турак жай курулушу үчүн жерлерди пайдаланууга жана учурдагы турак жайлардын жанына жаңы калктуу конуштарды түзүүгө шарт түзөт.