Министрдин маалыматына ылайык, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) менен талкуулардын алкагында Экинчи Чүй каналынын Батыш булагын бетондоо үчүн каржылоону камсыздоо боюнча макулдашууга жетишилди. Учурда келишимди даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат.
Бул долбоордун сметалык баасы болжол менен 37 миллион евро түзөт.
Бүгүнкү күндө БЧК аркылуу суу берүүдө жоготуулар 50–55% түзөт. Каналды бетондоо бул жоготууларды кыйла азайтууга жана сугат жерлерине суунун ишенимдүү жеткирилишин камсыз кылууга жардам берет.Мындан тышкары, каналды бетондоо суунун топуракка фильтрациялануусун жана жер астындагы катмарлар боюнча жылышын алдын алат, бул болсо каналдынын төмөнкү бөлүгүндөгү баткак жерлерди кургатуу үчүн шарттарды түзөт.
Маалыматта айтылгандай, бул жерлерди айыл чарба үчүн, бакчачылык өнүктүрүү жана жаңы курулуш жерлерин иштетүү мүмкүнчүлүктөрүн түзөт, бул болсо бар болгон айылдарга жакын жаңы калктуу конуштардын пайда болушуна алып келиши мүмкүн.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык болуп саналат.