Масштабдуу кармоолор: Бишкек - Ош жолундагы салмак-өлчөм постторундагы кызматкерлер
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Бишкек - Ош автожолунда жайгашкан весогабариттик посттордо олуттуу мыйзам бузуулар аныкталганын билдирди. Текшерүүлөрдүн натыйжасында бул посттордо иштеген бир нече адам кармалды. Ведомствонун маалыматына ылайык, милицияга весогабариттик пункттарда, транспорт жана байланыш министрлигинин жер үстүндөгү жана суу транспорту департаментине караштуу кызматкерлер тарабынан мыйзам бузуу тууралуу маалыматтар келип түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, бул