
Ведомствонун маалыматына ылайык, мамлекеттик сатып алуулар процессинде мамлекеттик бюджетке болжол менен 182 миллион сомдук зыян келтирген масштабдуу схема аныкталды. Каржылык бузулуулар сатып алуу процессинин айрым участокторун текшерүү учурунда табылды.
Бул долбоорго байланыштуу бузулуулар 2015-жылы башталган программа алкагында аныкталды. Ал убакта Бишкек мэриясы калдыктарды жыйноо системасын модернизациялоо, атайын техникаларды — бульдозерлерди, жүктөгүчтөрдү, таштанды жүктөгүчтөрдү, контейнерлерди сатып алуу үчүн 22 миллион евро кредит алган.
Кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 336-беренеси "Коррупция" боюнча козголду. 2025-жылдын 12-январында МУКК бир катар тергөө-оперативдик иш-чараларды өткөрүп, натыйжасында иштин фигуранттары кармалды. Кармалгандар МУККнын убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Учурда ишке тиешеси бар бардык кызматкерлерди аныктоо жана бюджетке келтирилген зыяндын акыркы суммасын тактоо боюнча кошумча иш-чаралар улантылууда.