
Жыйналган маалыматтардын негизинде Ички иштер министрлигинин тергөө башкармалыгы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча кылмыш ишин козгоду.
Кармалгандардын арасында весогабариттик посттун кызматкерлери: А.З. (1991-жылы туулган), С.У. (1981-жылы туулган), А.А. (1998-жылы туулган), А.Р. (1994-жылы туулган), М.М. (1979-жылы туулган), Т.Т. (1973-жылы туулган) жана А.Б. (1994-жылы туулган) бар. Аларга камакка алуу түрүндөгү чара белгиленди.





