Сокулуктун аймагында уй сатып алууда алдамчылык кылууга шектелген адам кармалды
Сокулук районунда укук коргоо органдары алдамчылыкка шектелген эркекти кармашты. Сокулук районунун Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан 2025-жылдын 20-декабрында жаран С. М. кайрылганын билдиришти. Ал 2025-жылдын 2-ноябрында А. деп өзүн тааныштырган белгисиз эркек анын ишенимин утуп алып, 102 500 сомго сиыр сатып алганын айтты. Бирок, келишимден кийин шектүү төлөмдү жүргүзбөй, телефонун өчүрүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.