
Бишкек ГУВДсынын маалыматына ылайык, А. А. мурдагы күйөөсү Э. С. боюнча арыз менен кайрылган, ал узак убакыттан бери ага психологиялык басым жасап келгенин жана мурда да физикалык аракеттерге барганын билдирген.
Бул жагдай боюнча тергөө иши башталды, анын алкагында коргоо ордери берилди. ГУВДнын администрациясы кошумча маалыматтар кийинчерээк берилерин белгилеп, арыз жетекчиликтин көзөмөлүндө экенин айтты.
Эскерте кетсек, кечээ социалдык тармактарда Асель Азаматова депутат Эльдар Сулаймановду сабап, психологиялык басым көрсөткөндүгүнө айыптап, укук коргоо органдарынын анын бир нече жолу кайрылуусуна реакция бербегенин белгилеген.
Социалдык тармактардан скриншоттор.
Социалдык тармактардан скриншоттор.