
Кыргызстандын борбору Бишкекте 23-январда жол кырсыгынан жапа чеккен эркектин туугандарын же тааныштарын издөө иштери жүргүзүлүүдө. Окуя Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн аймагында, «Шашлычная № 1» шашака жайынын жанында болгон. Бул тууралуу Октябрь районунун РУВДсынын өкүлдөрү билдиришти.
Каза болгон адамдын аты-жөнү Олег Борисович Николаев, 1970-жылы туулгандыгы аныкталды.
Эркектин туугандары табылбагандыктан, анын жерге берүү аземи жакындарынын катышуусуз өтүшү мүмкүн.
Полиция, эркекти таанып же окуянын күбөсү болгон адамдарды +996703739797 телефонуна (иликтөөчү Нурбек) байланышууга чакырат.
Жарандарга бул маалыматты таратууга жардам берүүгө катуу сунушталат.