Москванын районунда эки эркек тааныштарын өлтүргөндүгү үчүн кармалды
Москва районунда эки адам тааныштарын өлтүргөндүгү үчүн кармалды, деп билдирет Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгы. Коомдук коопсуздук органдарынын маалыматына ылайык, 20-январда саат 10:00 чамасында Москва районунун Ички иштер бөлүмүнө Жалпы врачтык практика борборунан 34 жаштагы С. Я. жаранды тез жардам унаасында ооруканага жетпей каза болгондугу тууралуу сигнал келип түшкөн.