Таласта мал уурдагандардын тобу жок кылынды: 12 эпизод ачылды
Талас облусунда «Бандит» жана «Арсенал» операцияларынын натыйжасында укук коргоо органдары мал уурдоочу кылмыштуу топтун ишин токтотту. Бул тууралуу жергиликтүү Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка караганда, 2026-жылдын 1-февралында милицияга Талас районунан 53 жаштагы эркек киши арыз менен кайрылган. Ал январь айынын аягында сарайынан эки козу уурдалганын билдирген. Бул арыздын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренесинин 3-бөлүмүнүн