
Первомай районунун Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы берген маалыматка ылайык, Бишкекте уурдалган авто үчүн шектүү кармалды. Транспорт каражаты мыйзамдуу ээси менен кайра кайтарылды.
Милицияга Д.Б. аттуу жаран 2025-жылдын 9-октябрында арыз жазып, 2025-жылдын 5-октябрында саат 18:00 чамасында "KIA PIKANTO" маркасындагы автоунаасын Тоголок-Молдо көчөсүндөгү короосуна калтырып, Караколго кеткенин билдирген. 9-октябрда үйүнө кайтып келгенде, автоунаасынын жок экенин байкаган.
Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 211-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Оперативдүү-издөө иш-чараларынын натыйжасында 39 жаштагы Ж.Б. аттуу жаран кармалды. Ал убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Кийинки тергөө учурунда шектүү автоунааны мыйзамсыз ээлеп алып, 80 миң сомго сатканын, ал акчаны өз муктаждыктарына жумшаганын аныктады.
Азыркы учурда автоунаа табылып, кылмыш ишине заттай далил катары киргизилди. Полиция бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо үчүн оперативдүү-издөө иш-чараларын улантууда, ошондой эле кармалган жаранды башка окшош окуялар менен байланыштуу текшерүүдө.